Ош мамлекеттик университетинин кызматкери Мелис Маматжан уулу Азербайжанда өткөн II Түрк дүйнөсүнүн поэзия фестивалында Молло Панах Вагиф атындагы сыйлыктын лауреаты аталды. Ал ошондой эле атайын медал менен сыйланды.
Фестиваль 16–17-июлда Шуша шаарында өттү. Ага түрк тилдүү алты өлкөдөн келген 20дан ашуун жаш акын катышты. Алар улуттук поэзия, адабий мурас жана руханий баалуулуктар тууралуу чыгармаларын окушту.
Иш-чаранын алкагында поэзиялык окуулар, адабий талкуулар, чыгармачылык жолугушуулар жана маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Катышуучулар азыркы түрк поэзиясынын өнүгүүсү, адабий котормо, жаш акындардын эл аралык кызматташтыгы тууралуу пикир алышты. Мындан тышкары Шуша шаарынын тарыхый-маданий жайлары менен таанышып, Карабах аймагынын руханий мурасы тууралуу маалымат алышты.
Эске салсак, буга чейин түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын Жолон Мамытов атындагы фестивалы Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн.