ОшМУда «iTalks» караваны өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда «iTalks» караваны өтүп жатат

Image

Ош мамлекеттик университетинде «Жаштар Үнү: Ук, көр, талда» долбоорунун алкагында «iTalks» караваны өтүп жатат.

18–19-сентябрга пландалган иш-чараны IDEA Central Asia өткөрүп, ага окуу жайдын студенттери катышууда. Эки күндүк тренингде алар медиасабаттуулук, критикалык ой жүгүртүү, маалыматты текшерүү, журналистика жана SMM боюнча практикалык билим алышууда. Ошондой эле фото-видео тартуу, storytelling, маалыматты аудиторияга туура жеткирүү боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүп жатышат.

Катышуучулар ишенимдүү булактар менен иштөө, медиадагы маалыматтарды талдоо жана жалган маалыматты айырмалоо жолдорун үйрөнүшүүдө. Иш-чаранын алкагында дебат турнири да уюштурулуп, студенттер алган билимдерин практикада колдонуп, өз позицияларын аргументтер менен коргоого мүмкүнчүлүк алышат.

«iTalks» караваны жаштардын маалыматты туура кабыл алуу, талдоо жөндөмүн өнүктүрүп, санариптик чөйрөдө коопсуз жана жоопкерчиликтүү иш алып баруу көндүмдөрүн бекемдөөгө багытталган.

Фото галерея