ОшМУнун Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун директору Абдижапар Аккулов баштаган окумуштуулар Араван районунун Достук айыл аймагында жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара «Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу коомду түзүүдө аялдардын ролу« деп аталды.
Жолугушууда ОшМУнун өкүлдөрү климаттын өзгөрүү себептери жана анын айлана-чөйрөгө, суу ресурстарына, айыл чарбасына, калктын турмушуна тийгизген таасири тууралуу айтып беришти. Ошондой эле климаттык тобокелдиктерди азайтуу, таштандыны башкаруу системасын жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү боюнча биргелешкен аракеттердин мааниси белгиленди.
Катышуучулар "Чечимдер дарагы" интерактивдүү көнүгүүсүндө өз аймагындагы негизги экологиялык көйгөйлөрдү аныктап, чечүү жолдорун сунушташты. Жыйынтыгында жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, жашыл аймактарды көбөйтүү, экологиялык билим берүү жана аялдардын жашыл демилгелерин колдоо боюнча биргелешкен сунуштар кабыл алынды.