Haber

ОшМУда окуу имараттар, жатаканалар капиталдык ремонттон өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде университеттин билим берүү инфраструктурасын жакшыртуу, реконструкциялоо, модернизациялоо багытында алгылыктуу иштер жүрүп келет.

Учурда университеттин №6, №15 окуу корпустары, Бизнес жана менеджмент, Медицина, Юридика, Тарых факультеттери, №4 А, №4 Б жатаканалары жана быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош облусунун Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунда ачылган университеттин гимназиялары толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп жатат. Университеттин башкы корпусунун жер төлөсү, ажатканалар ремонттолуп, желдеткичтер орнотулууда.

Мындай капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү, окуу имараттарын, жатаканаларды, спорт комплекстерди, студенттик ашканаларды, ажатканаларды, имарттардын тышкы, ички обликтерин жаңыртуу, жаны окуу имараттарын салып, жаны инфраструктураларды түзүү университетте пландуу негизде ишке ашып келет. Бул иш аракеттер жаңы окуу жылында окутуучулардын жаңы дем менен иш баштоосуна, студенттердин таза, кенен, жарык, бардык шарттар каралган аудиторияларда билим алуусуна шарт түзөт.

Белгилей кетсек, ОшМУда бардык окуу корпустары, кафедралар, аудиториялар, жатаканалар, спорт комплекстери жыл сайын кезеги менен капиталдык ремонттон өтүп, жаңы мазмунга, жаңы обликке ээ болууда.

2710 00:09 27-07-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|