Салтанттуу кечеде таланттуу окуучулардын концерттик программасы тартууланып, коңгуроо кагылды. Кечеге катышкан ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Ташболот Жороев окуучуларды куттуктап, мыкты окуган окуучуларга мактоо баракчаларын тапшырды.
Кошумчалай кетсек, “Зирек” башталгыч билим берүү борборунда 1-2-3-4-класстарда 107 окуучу билим алышууда. Окуучулар кыргыз, орус, англис, кошумча кытай тилдеринде билим алышып, андан сырткары балдардын таланттарын, билимдерин өнүктүрүүчү түрдүү курстар бар. Ысык тамак берилип, жеке транспорт да каралган.