Haber

БААУдан жана ЫМУдан академиялык мобилдүүлүктөн өткөн журналистика адистигинин студенттери презентация жасашты

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттери жазгы семестрде башка ЖОЖдордон академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишти.

Алар алган билимдери, көргөн тажрыйбалары боюнча 23-май күнү жалпы студенттер менен бөлүшүштү.

Жыйынга факультеттин окутуучулары, студенттер катышышты. Жолугушууда университеттин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев сөз сүйлөп, бүгүнкү күндөгү академиялык алмашуулардын кенен мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Ошондой Борбордук Азиядагы Америка университетинен академиялык мобилдүүлүктөн өткөн студенттер Араббай кызы Гүлнур, Расул уулу Маматказы, Абдумалик Базарбаевдер жана Ысык-Көл мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүктөн өткөн Маратали Айбашов, Абдулманоф Мавланов алган билим тажрыйбалары боюнча презентация жасашты.

Студенттер жогоруда аты аталган университеттердин билим берүү программалары менен таанышып, түрдүү коомдук-маданий иш чараларына активдүү катышып ОшМУдан алган билим, тажрыйбалары менен бөлүшкөндүктөрүн, жаны маалыматтарга ээ болгондуктарын айтып, мындай мүмкүнчүлүк жаратакан ОшМУга, эл аралык байланыштар бөлүмүнө, журналистика кафедрасынын окутуучуларына ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле журналистика адистигинде билим алып аткан студенттерди билим аламашууга чыгууга чакырышты.

4195 08:49 24-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|