Haber

Мугалимдер менен жолугушууда университеттин мектептеринин модели боюнча сөз болду

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков 3-май күнү университеттин алдындагы “Билим” лицейинин, “Ыйман” гимназиясынын жана “Зирек” башталгыч билим берүү борборунун мугалимдери менен жолугушту.

Жолугушууда университет жетекчиси ОшМУнун мектептеринин модели, башка мектептерден өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары боюнча баяндама жасады.

Баяндамада ОшМУнун мектеп-гимназиялары жаш улан-кыздарга заманбап билим берүү менен бирге улуттук таалим-тарбия берип, бийик адамгерчиликке жана руханий күчтүү болууга басым жасай турганы айтылды.

Учурда университеттин алдындагы “Билим” лицейинин, “Ыйман” гимназиясынын жана “Зирек” башталгыч билим берүү борборунун окуучуларына ушул принциптерге ылайык билим берилип келет.

Жолугушууда ректор мугалимдер менен жакындан пикир алышып, аларды сапаттуу билим, улуттук нарк-насилди камтыган тарбия берип, өздөрү окуучуларга адамгерчиликтин бийик үлгүсүн көрсөтүүсүн айтты.

Белгилей кетсек, Аймактарды өнүктүрүү жылына карата региондордогу мектептик билим берүүнү көтөрүү максатында Кара-Кулжа районунда ОшМУнун Кара-Кулжа мектеп-гимназиясы, Ноокат районунда ОшМУнун Ноокат мектеп-гимназиясы жана Кара-Суу районунда ОшМУнун Кара-Суу мектеп-гимназиясын ачуу максатында тиешелүү айыл өкмөт башчылары, райондук билим берүү башчылары менен кол коюлган.

3839 02:26 05-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|