Haber

НААР агенттигинин семинары уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде 3-май күнү Казакстандын көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги (НААР) тарабынан «Институционалдык жана программалык аккредитациядан өтүүгө даярдык» деген аталыштагы семинар уюштурулду.

НААР агенттигинин институционалдык жана программалык аккретитациядан ЖОЖдорду өткөрүү долбоору боюнча жетекчиси Гулияш Ниязова жана агенттиктин эксперти Миталип Тайиров семинардын катышуучуларына өздүк отчётторду жазуу, андагы негизги талаптар, маселелер боюнча баяндамаларды жасады. Семинардын жүрүшүндө баяндамалар боюнча суроо-жооптор болуп, пикир алышуулар жүрдү.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында Ош мамлекеттик университети НААР агенттиги тарабынан институционалдык жана программалык аккретитациядан өтөт.

4668 01:46 05-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|