Haber

Европага барууну көздөгөн жарандар Ош шаарынан Шенген визасын ала алышат

Германия Федеративдик Республикасынын Бишкектеги элчилигинин экинчи секретары Ханс Вольфганг Эмингер баштаган делегация иш сапары менен ОшМУга келди. Делегацияны ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректор А. Абдувалиев кабыл алып, атайын маалымат жыйын уюштурулду. Жолугушууда Ханс Вольфганг Эмингер Ош шаарында алгачкы жолу Шенген виза берүү менен алектенген атайын фирма ачылганы жаткандыгын, компаниянын расмий ачылышы 7-майда боло тургандыгын белгиледи. Ошондой эле виза берүүчү кошумча фирманын ачылышына Европага барууну көздөгөн жарандардын санын жылдан-жылга өсүп жаткандыгы себеп болгондугун белгиледи. ДААД, Эразмуз+, жайкы мектеп сыяктуу программалардын жана Гете институтунун чакыруу каттары боюнча виза акысыз бериле тургандыгын кошумчалады.

Ал эми жаңыдан ачылып жаткан компаниянын мүдүрү аталган компания, анын ишмердүүлүгү боюнча толук маалымат берип өттү. Маалыматка таянсак фирма туристик, иш, бизнес жана башка сапарлар боюнча Европа өлкөлөрүнө баруучу жарандарга виза ачып берүү менен алектенет. Кызмат акы Бишкек шаарына визалык чыгымдардан тышкары 20 еврону түзөт. Виза алууну каалгандар 2-3 мурда сайтта катталып, кезек алып коюша жакшы болот. Visametric.com сайтына катталып, кезек алгандан кийин гана бизге кайрылуу зарыл. Колцентр дагы иштейт.

Жыйындын соңунда Абдыган Осмонович фирманын Ош шаарында ачылып жаткандыгы өзгөчө мааниге ээ экендигин, Европага стажировкага, академиялык алмашууга, жайкы мектептерге бара турган окутуучуларга жана студенттер үчүн чоң жетишкендик болгондугун белгиледи.

4020 22:05 04-05-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|