Haber

Эл аралык мамилелер факультети “Түрк жумалыгын” белгиледи

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу” кафедрасынын демилгеси менен “Түрк жумалыгы” болуп өттү.

Жумалыкка ОшМУнун теология факультетинин деканы, профессор Ферхат Гөкче, Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк Манас университетинин теология факультетинин деканы, профессор К. Мустафа баштаган түрк делегациясы жана белгилүү төкмө акын Идирис Айитбаев конокто болуп, кыргыз-түрк достугун даңазалаган баяндамалар болду.

Конокторго чыгыш таануу кафедрасы тарабынан даярдалган түрк улуттук ырлары, бийлери жана улуттук даамдары тартууланды.

Келген коноктор эл аралык мамилелер факультетинин студенттери үчүн “Манас эпосундагы исламдык мотивдер” аттуу түрк тилинде жазылган китепти белекке берип кайтышты.

3383 23:29 31-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|