Haber

КРдин Билим берүү жана илим министри иш сапары менен ОшМУда болду

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева жана министрдин орун басары Кудайберди Кожобеков Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинде болуп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарындагы мектеп директорлоруна жыйын өткөрдү.

Жыйында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата аткарылуучу билим берүү системасындагы багыттар боюнча сөз болду жана башталгыч жана орто мектептерге министрлик тарабынан түзүлгөн мультимедиялык комплекстер презентацияланды.

Жыйындын соңунда журналистика адистигинин студенттерине “Дата журналистика” боюнча тренинг өткөрүлдү жана тренингдин катышуучуларына “Дата журналистика-медианын келечеги” деген аталыштагы китеп таркатылды.

Иш сапарынын алкагында министр Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, окуу жайдын жетишкендиктери тууралуу сөз кылышты жана корпустары жана бир катар структуралык бөлүмдөрү менен таанышып чыкты. Сапардын жүрүшүндө университеттин ички эсебинен курулуп, ачылуу алдында турган 5 кабаттуу Искусство факультети менен жеринде таанышты.

3740 22:36 30-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|