Haber

“Көп окулган окуу китептер” сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз

2017-жылдын апрель айында ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин алдындагы “Агартуу Академиясы” коомдук фонду демилгелеген “Ачык билим берүү ресурстарын түзүү” долбоору аркылуу “Сорос Кыргызстан” фонду каржылаган жогорку окуу жайлар арасындагы уюштурулган “Көп окулган окуу китептер” сынагында жеңүүчү болгон ОшМУнун төмөнкү окумуштуу агай-эжекелерин 150 доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык алгандыгы менен куттуктайбыз.

Н. А. Ешенова, Н. М. Мурадымов, “Русская литература” 9-класска арналган окуу китеби үчүн.

А.З. Юсупова, Н.Ш. Мараш-Оглы, А.Ф. Шакирова, “Англис тили” 8-класска арналган окуу китеби үчүн.

Артыкова Ж.А, “Pascal программалоо тили” окуу китеби үчүн.

М.К. Сагындыков, К.Г. Кожобеков, А.А. Абдилазизова, “Сандык методдордун негиздери” окуу китеби үчүн.

Эгембердиев Ж, “Физика боюнча тесттик тапшырмалардын чыгарылыштары” окуу китеби үчүн.

Г. А. Анарбаева, “Формирование и эволюция института политических партий в независимом Кыргызстане” окуу китеби үчүн.

Д. А. Жолдошбаев, К. М. Эрмекбаев “Мектептин шартындагы психо-педагогикалык конфликттер” окуу китеби үчүн.

Сынак www.okuma.kg электрондук китепканасы тарабынан чыгарылды.

3871 17:02 30-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|