Haber

ОшМУнун жатаканаларында нооруз майрамына арналган кечелер өттү

Ош мамлекеттик университеттин бардык студенттик жатаканаларында нооруз майрамына арналган майрамдык кечелер уюштурулду.

Жатаканаларда кыз-жигиттин сармерден оюну уюштурулуп, нооруздун негизги улуу тамагы болгон сүмөлөктөр кайнатылып студенттерге таратылды. Ошондой эле күрөш, аркан тартыш, волейбол, кол күрөш, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндар уюштурулду. Жатаканада үлгүлүү жашап, коомдук-маданий иш чараларга активдүү катышып, спорттук оюндарда жеңишке жетишкен студенттерге диплом, баалуу белектер ыйгарылды.

Нооруз майрамына арналган жатаканалардагы иш чараларга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Т.Колдошев, ошондой эле факультеттин декандары, тарбия иштери боюнча орун басарлары, окутуучулар, студенттер катышышты.

«Мындай иш-чаралар Ош МУну ректораты жана профсоюз уюму тарабынан колдоого алынып салтка айланып жыл сайын уюштурулуп келет»,- деди ОшМУнун жатаканалар боюнча координатору Абылкасым уулу Канат.

2924 08:41 21-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|