Haber

Зиректе "Алиппе" майрамы белгиленди

15-март күнү ОшМУнун «Зирек» башталгыч билим берүү борборунда 1-класстар үчүн үчүн “Алиппе” майрамы белгиленди. Майрам класстык саат катары музыкалык залда өткөрүлүп, ага балдардын ата-энелери конок катары келип күбө болуп жана куттуктоо сөздөрүн айтышты.

“Тамга таанып, билим алууга кадам таштаган окуучулар таланттарын мугалимдерге жана ата-энелерге көрсөтүштү. Анда алар тамгалар боюнча ырларды айтып, бийлеп жана жомоктогу каармандардын образын чагылдырышты. Жыйынтыгында ар бир окуучуга “Алиппе” китебин окуп бүткөндүгүн тастыктаган сертификат тапшырылды. Бизде 1-класстан үч класс бар.”, деди ОшМУнун «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун директору Үмүт Кушбак кызы.

Быйыл аталган борбордо 1-класстын 63 окуучусу окууну аяктап, 2-класска көчүшөт.

6478 20:10 16-03-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|