7-февраль күнү математика жана информациялык технологиялар факультетинин, математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти кафедрасы “Билим берүү менеджменти магистрдик программасынын күтүлүүчү натыйжалары жана аларга жетишүүнүн жолдору” деген темада тегерек стол өткөрдү. Ага иш берүүчүлөр, мектеп директорлору, бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана магистранттар катышышты.
Программа жетекчиси профессор М.Алтыбаева тарабынан “Билим берүү менеджменти” магистрдик программасынын максаттары, күтүлүүчү натыйжалары, боюнча баяндама жасалды.
Стейкхолдерлер тарабынан сунуш пикирлер айтылды.