Семинарга журналистика кафедрасынын окутуучулары, журналистика багытында билим алып жаткан студенттер, ошондой эле "Ош Пирим" телеканалынын, "Ынтымак" коомдук-регионалдык телерадиокомпаниясынын журналисттери катышышты.
Семинардын жүрүшүндө Анастасия Валеева дата журналистиканын жаралуусу, анын кыргыз журналистикасындагы орду, маалыматтар базасы менен иштөөнүн, дата журналистика менен иштөөнүн жолдору боюнча презентация жасап, кеңири маалымат берди. Семинардын катышуучулары кызыктуу баяндамага күбө болуу менен кызыктырган суроолорун беришип, лектордон тиешелүү жоопторду алышты.
Белгилей кетсек, учурда журналистика кафедрасы республикадагы бир топ жогорку окуу жайлардагы журналист адистерди даярдап келе жаткан университеттер менен кызматташып, өз ара тажрыйба бөлүшүп келүүдө.