Haber

ОшМУда “Белегим куран болсун” долбоорунун алкагында Ыйык Куран жана кыргызча мааниси китеби презентацияланып, белек катары таркатылды

Ош мамлекеттик университети жана Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгы тарабынан Ыйык Куран китеби кыргызчаланып, которулуп чыкты. Курани Карим Түркия Диянет Фондунун “Белегим куран болсун” долбоорунун алкагында даярдалып, учурда 10 000 нускада басылып чыгып, алгачкы презентациясы 18-декабрда ОшМУда уюштурулду.

Иш чара Куран окуу менен башталы, ага окуу жайдын профессордук окутуучулук курамы жана Кыргызстан Дин башкармалыгынан, Түркиядан бир катар коноктор катышышты. Жыйынды алып барган ОшМУнун теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов Түркия Диянет Фондунун долбоорунун алкагында басмадан чыккан Куран китебинин алгачкы презентациясынан кийин Теология факультетинин жамааты тарабынан өлкөбүздүн жети дубанындагы мусулмандарга белек катары таратылып берилери айтылды.

Түркиянын элчисинин дин иштери боюнча атташеси Мустафа Шанвер Түркия Диянет Фонду демилгелеген “Белегим куран болсун” бул долбоору учурда улантылып, дүйнөнүн 150дөн ашуун мамлекеттеринде элдин сүйлөгөн тилине которуу иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи жана демилгени колдогон ОшМУнун жетекчилигине, Теология факультетинин жамаатына, окумуштуу-аалымдарга ыраазычылыгын билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндө Ыйык Куран, “Белегим куран болсун” долбоору тууралуу тартылган видео-ролик, слайддар көрсөтүлүп, соңунда жыйынга катышкан ар бир катышуучуга Ыйык Куран жана кыргызча мааниси китеби белекке берилди. Ыйык Куран жана кыргызча мааниси китебине Теология факультетинин декандын орун басары, доктор Ферхет Гөкче башкы координаторлук кылса, котормо Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садык Гавай, Садибакас Дооловдор тарабынан даярдалган.

Белгилей кетсек, ОшМУнун Теология факультетинде эмгектенген окумуштуулар тарабынан акыркы 2 жылда теология факультетинин окутуучулары, студенттери тарабынан 50дөн ашуун диний сабаттуулукту арттыруу боюнча жана балдарга арналган китептер кыргызча которулуп, жалпы журтка акысыз белек катары таркатылган.

4235 10:23 19-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|