Haber

«Билим» лицейи «Боорукер жүрөк» акциясынын алкагында кайрымдуулук жасашты

Ош мамлекеттик университетинин «Билим» лицейинин мугалимдеринин жана окуучуларынын демилгеси менен “Боорукер жүрөк” акциясынын алкагында Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын адистештирилген мектеп-интернатына кайрымдуулук иш чарасы өткөрүлдү.

Акциянын уюштуруучулары тарабынан балдардын маанайын кщтщргщн концерттик программа тартууланып, таланттуу окуучулар балдарга ыр ырдап, балдар менен чогуу оюн ойноп, жаңы жылга карата белектерди тапшырышты.

Иш чаранын алкагында “Билим” лицейинин директору Жоогазын Болушова мындан ары лицейдин окуучулары аталган мектеп-интернатка ыктыярчы катарында келип, окуучуларга ар тараптан жардам берүүгө аракет кыларын билдирди.

3753 10:35 11-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|