Haber

ОшМУнун ректору «Үмүт» телестудиясынын эмгек жамаатын кесиптик майрам менен куттуктады

8-декабрь Кыргыз Республикасынын теле жана радио берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков университеттин «Үмүт» телестудиясында эмгектенип жаткан журналисттерди жана волонтерлорду куттуктады.

1998-жылы түптөлүп 20 жыл аралыгында журналисттик кесипке шыктанган жаштардын устаканасы болуп келген телестудиянын басып өткөн жолу, телестудияда алгачкы эмгек жолун баштап, учурда республиканын түрдүү маалымат каражаттарында жетекчилик кызматтарда, коомдук иштерде эмгектенип келе жаткан муундар тууралуу сөз кылды. Ошондой эле университеттин журналистика бөлүмүнөн жана түрдүү факультеттерден келип волонтер катары чыгармачылык дараметтерин тартуулап, түрдүү программаларды даярдап жаткан студенттердин окууларына ийгилик, чыгармачылык изденүүдөрдү каалап жамаатка акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.

«Үмүт» телестудиясынын директору Токтогул Приев жетекчиликке ыраазычылык билдирип, жамааттын алдыга койгон пландары боюнча маалымат берди.

Учурда «Үмүт» телестудиясы “ОшТВ” жана «Ынтымак» телерадиокомпанияларынын эфирден чыгып, университеттеги акыркы жаңылыктар, коомдук-маданий иш чаралар, түрдүү позитив тартуулаган программаларды коомго жеткирип келет жана телестудиянын ар бир эфири университеттин www.oshsu.kg сайтында жайгаштырылган. Белгилей кетсек, 1998-жылы ачылган “Үмүт” телестудиясынан республикага белгилүү мыкты журналисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары Л. Мамытова, Ж. Акаев, ОшТВ” телерадиокомпаниясынын директору Керимбек Калыгулов, “Ош пирим” телеканалынын директору М. Парпиназаров, “Ынтымак» коомдук-регионалдык телерадиокомпаниясынын директору Т.Эрмекбаев, ЖТР телерадиокомпаниясынын директору Т.Алдакуловдор алгачкы эмгек жолун башташкан. Телестудия көптөгөн республикалык жана эл аралык маасалык-маалымат каражаттарында эмгектенип жаткан белгилүү, чыгармачыл журналисттердин алгачкы кесипке багыттаган уясы болуп саналат.

3351 14:11 08-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|