Андан сырткары Ош шаарынын Анар кичи районундагы “Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун түштүк аймактык областтар аралык башкармалыгына” окуу жайдан материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Ошондой эле студенттерге жеңилдик берүү боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык 565 студентке келишимдик акыдан жеңилдиктер берилди. Ал эми бүгүн 1-декабрь күнү ОшМУда билим алып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелүү 59 студентке окуу жайдан 41300 сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Түмөнбай Колдошов маалымдады.