Haber

ОшМУнун базасында "Келечек долбоору" дискуссиялык клубу талкуу өткөрдү

Ош мамлекеттик университетинде 9-ноябрь күнү "Келечек долбоору" дискуссиялык клубу тарабынан "Дин демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу" долбоорунун алкагында “Диний тематиканы массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда чагылдырылышы жана алардын жаштарга тийгизген таасири” деген теманын айланасында талкуу уюштурулду.

Талкууда "International Аlert" уюмунун аймактык координатору Айжан Токтошева “Дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу” долбоору боюнча презентация жасады. Ошондой эле эксперт-аналитик И. Мирсаитов “КР жаштарынын радикалдашуусунда ММК жана социалдык тармактардын ролу” темасында ой бөлүшүп, катышуучулар тарабынан кызуу талкууга алынды.

3620 09:25 10-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|