Haber

ОшМУнун студенти ШОС мамлекеттеринин студенттик лидерлеринин II Саммитине катышты

Ош мамлекеттик университетинин студенти Нурсултан Жумабаев Барнаулда 13-16-сентябрь күндөрү өткөн ШОС мамлекеттеринин студенттик лидерлеринин II Саммитине катышып, активдүү катышуучу катары Саммиттин сертификаты менен сыйланды.

Алтайда өткөн Саммитке 5 өлкөдөн жана Россиянын 12 регионунан барган 100 таланттуу студенттер катышып, алар билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыктар боюнча сөз кылышты. ШОС мамлекеттеринин студенттик лидерлеринин II Саммити мамлекеттер ортосундагы студенттердин эффективдүү кызматташтыгын арттыруу, улуттар аралык студенттердин биримдигин чыңдоо, билим берүү тармагындагы маселелерде лидер студенттердин ойлорун талкуулап, пикир алышуусуна шарт түзүү максатында уюштурулган.

“Студенттик лидерлердин Саммитине катышуу менен мен өзүмө ар тараптуу пайдалуу идеяларды сиңирип, тажрыйба топтодум десем жаңылышпаймын. Өлкөнүн алдынкы студенттери менен маектешип,ой-пикирлер менен бөлүштүк. Саммиттин жүрүшүндө долбоорлорду түзүү, аларга каражат табуу, иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн команданы кантип түзүү керек деген сыяктуу суроолорго жооп алдык, ошондой эле маданий иш-чараларына катыштык. Биздин окуу жайда дайыма алдыга умтулуп, өнүгүүгө багыт алган жаштарга колдоо көрсөтүлүп келет. Бул үчүн жалпы университеттин жаштарынын атынан жетекчиликке терең ыраазычылык билдирем”, -деди Кыргызстандан барган ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенти Нурсултан Жумабаев.

Белгилей кетсек, Саммит алгачкы жолу 2015-жылы уюштурулган.

4857 11:31 25-09-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|