Аталган семинарга ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору ф.-м.и.к., доцент Абдыганы Абдувалиев барып катышып келди. Иш-чаранын максаты Кыргызстандын мамлекеттик ЖОЖдоруна ачык-айкындуулук жана отчеттуулук инструменттерин киргизүүнү күчөтүү боюнча тажрыйба алмашууну көздөдү. Семинар 2017-жылдын 25-29-августунда Ысык-Көлдө болуп өттү. Бул долбоордо И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университеттери пилоттук окуу жайлар катары тандалып алынган. Семинарда аталган окуу жайларда жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы каралып, студенттердин алдындагы ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоого карата шарттарды түзүү жана ЖОЖдордун бюджеттик каражаттарын эффективдүү сарптоосун көзөмөлдөп, баа берүүгө студенттерди дагы катыштыруу сыяктуу маселелер талкууланды.
Ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун инструменттерин мамлекеттик окуу жайларга киргизүү боюнча иштелип чыккан бул долбоор – жогорку окуу жайлардагы билим берүү кызматынын сапатын жогорулатуу процессине студенттерди тартуунун баштапкы этабы экендиги белгиленди. Шарттуу “эксперименталдык мамлекеттик университеттердин” бюджеттик угуусу ролдук оюн ыкмасын колдонуу менен өткөрүлдү. Семинадын ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары ф.-м.и.к., доцент К.Г. Кожобеков, Бишкектин жогорку окуу жайлары, Ош, Талас, Ысык-Көл, Нарын университеттеринин өкүлдөрү катышты.