Haber

Кадис университетиндеги иш сапар жемиштүү уланууда

Испаниянын Кадис университетиндеги иш сапардын алкагында 25-апрель күнү ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Кадис университетинин лингвистика институнун директору жана орун басары менен жолугушуп, университетте испан борборун түзүү, испан адистигин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле Кадис университетинин академиялык мобилдүүлүк департаментинин директору менен пикир алышып, университетте ийгиликтүү иштеп жаткан академиялык мобилдүүлүк багытындагы программалары, аталган программаларга катышуунун шарттары боюнча маалымат алып, ОшМУнун студенттери, магистранттары, окутуучулары кандай шартта, кандай талап менен катышууга болорун, бул багытта келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүштү.

Күндүн экинчи жарымында Кадис университетинин экономика факультетинде болушуп, факыльтеттин деканы, декандын орун басары менен жолугуп, факультеттин ишмердүүлүгү боюнча пикирлешти. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде ОшМУнун экономика багытында билим алып жаткан студенттерин, магистарнттарын биргелешкен программалардын негизинде алмашып окутуу боюнча маалымат бөлүшүштү.

4073 13:39 26-04-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|