Аталган олимпиадага Ош мамлекеттик университетинин психология боюнча факультеттер аралык командары (орус, кыргыз) катышып 1-орунду багындырышып, I даражадагы диплом, сертификат, баалуу белектер менен сыйланышты.
“Аталган олимпиадага КУУ, БГУ, КМУ, КРСУ, ТУ, ОшМУ , ОГПИ, Талас мамлекеттик университеттеринен командалар катышышты. Биринчи ирет уюштурулган сынактын кийинкиси 2017-2018-окуу жылында Ош мамлекеттик университетинде уюштурула турган болду. Биздин командага колдоо көрсөткөн ошМУнун ректоратына, ОшМУнун Арашан институтуна ыраазычылык билдиребиз», -деди психология кафедрасынын жетекчиси Акчач Жолдошова.