Haber

ОшМУнун жаштары шаар тургундарын тазалыкка чакырды

Ош мамлекеттик университетинин жаштары университеттин 75 жылдык мааракесине жана Ош шаарынын күнүнө карата 27 -28–сентябрь күндөрү “Тазалык - ыймандын башаты” деген аталыштагы акция уюштурушту.

Алгач акциянын уюштуруучулары Ош шаарынын көчөлөрүндө шаар тургундарын тазалыкка чакырган лозунгдары менен жүрүш жасашты. Андан соң 200дөн ашуун жүрүштүн катышуучулары Ош шаарынын символу болгон ыйык Сулайман тоосун таштандылардан арылтышты.

Акциянын экинчи күнү 28-сентябрда шаардагы Новои, Токтогул эс алуу багын, Ак-Буура дарыясынын бойлорун акыр-чикирлерден тазалап, иретке келтиришти. “Акцияны уюштуруудагы негизги максатыбыз жаштарды тазалыкка үндөө, шаар тургундарын тазалыкка чакыруу болуп саналат”, -деди ОшМУнун Жаштар Комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канатбек.

6646 15:17 29-09-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|