Дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин деканы, доцент А.А.Момунова, медицина факультетинин деканы, доцент А.А.Исмаилов медицина факультетинин стоматология адистигинин 5-курсунун студенттери менен жолугуп, дипломдон кийинки медициналык билим берүү багыты боюнча студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
ОшМУнун димломдон кийинки билим берүү факультетинде билим алып жаткан студенттерге заманбап шарттар түзүлүп, ОшМУнун 2 медициналык клиникалары ишке киргизилген. Ош областындагы ооруканалар менен кана чектелип калбастан, Турция Германия мамлекеттерине тажбрыйба алмашуу программасы менен да өз билимдерин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн кеңири токтолуп , жолугушуу убагында доцент А.А.Момунова студенттерге дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетти боюнча плакат, фото, видео материалдар менен маалымат берип, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп берди.