ОшМУнун медициналык клиникасынын 4-кабатында окуу процессин жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө шарт түзгөн “Виртуалдык клиника» түзүлүп, профессор К.А.Исаков баштаган ректорат, факультеттердин декандары, медицина факультетинин деканы, доцент И.А.Исмаилов, профессордук окутуучулук курамдын катышусунда 15-февралда ачылуу аземи болуп өттү.
Аталган окуу, илим изилдөө өндүрүштүк комплекси, Виртуалдык клиника ОшМУнун ички каражаты жана Швейцария элчилигинин демөөрчүлүгү менен ачылып жалпысынан 50000$дан ашык каражат сарпталган.
Виртуалдык клиникада
- Акушерство
- Гинекология
- Педиатрия
- Терапия
- Хирургия
· Реанимация бөлүмдөрү иштейт жана толук аппараттар менен камсыз кылынган.