Бүгүн 11-апрель күнү, Эл аралык мамилелер факультетинде “Толеранттуулуктун маданияты” деген темада семинар-тренинг болуп өттү. Семинар-тренингке Кыргызстандагы “Камкордук”эл аралык уюмунун өкүлдөрү жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери, окутуучулары катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө студенттерге толеранттуулук жана бүгүнкү күндөгү коомчулук арасындагы алака-мамиле жөнүндө баяндамалар болуп, презентациялар көрсөтүлдү.
Аталган теманын алкагында студенттер активдүү катышып ар бир тапшырмага көңүл кою менен топтор менен иш алып барууда жогорку деңгээлде чеберчиликтерин көрсөтүп жатышты. Семинар-тренинг уюштуруучулардын жана студенттердин позитивдүү манайында өткөрүлдү.