Haber

"Сакура" жатаканасынын студенттеринин жашоосу.

2018-жылдын 30-январь күнү эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Ж.Арзыматова , С. Кочконбаевалар «Западный» мкр. жайгашкан «Сакура» жатаканасына барышып, студенттерден кабар алып келишти. Жатаканадагы тарбиялык иштер жылдык иш пландын негизинде бир канча багытта аткарылат. Чет элдик студенттер жашаган «Сакура» жатаканасында жашоо, окуу жана эс алуу үчүн бардык шарттар жаратылган. Жатаканада нравалык жана психологиялык абал жакшы. Окутуучулар жатаканада тарбиялык иштерди ишке ашыруу үчүн санитардык –гигиеналык нормалар, кыз менен эркек (баланын) балдардын ортосундагы мамилелер жана жүрум-турүм маданияты жөнүндө кеңири пикир алышышты.
3511 13:26 10-02-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|