Жеңиш ээлерин жана алардын машыктыруучусу, ОшМУнун доценти Абдыманап Исраиловду университеттин административдик кеңешмесинде жалпы жамааттын атынан ректор Каныбек Исаков куттуктап, ыраазычылык билдирди.
ОшМУнун эки студенти "спорт чебери" наамына ээ болот
13:31
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн Кыргыз “Улуттук классикалык күрөш” боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин 4-курсунун студенттери Абдигапар уулу Нурзаман 68 кг салмакта жана Джоробаев Русланбек 62 кг салмакта мелдешке катышып 1-орунду ээлешип, биринчи даражадагы диплом менен сыйланышты. Ошондой эле мелдештин шартына ылайык I орунду ээлеген балбандар "спорт чебери" наамына ээ болушат.
12019 13:31 16-02-2017