Haber

"Адеп, ыйман жана маданият" жылына карата жолугушуу

Бүгүн 15-февралда юридика факультетинде "Адеп, ыйман жана маданият" жылына карата жолугушуу Ош областтык казыятынын кызматкерлери менен жолугушуу өттү. Жолугушууга Ош областтык казыятынын иш башкармасы Жакыпов Абдыжапар жанаанын жардамчысы Дүйшеев Надыр агайлар келишти. Бүгүнкү жолугушууда "Уяттуулук жана тарбия" аттуу тема талкууланды. Тема азыркы учурда актуалдуу болгондуктан угуучулар тарабынан суроолор көп берилип, коноктор тарабынан жооптор берилди. Ош областтык казыят кызматы юридика факультети менен кызматташууга даяр экенин билдиришип, факультеттин жамаатына ыраазычылыгын билдиришти.Ошол эле кезде факультеттин жетекчилиги казыят кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.
3184 15:07 15-02-2017

                 

Haber

|< >|