Haber

ОшМУнун студенти алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубокто алтын медаль тагынды

Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин 1-курсунун студенти эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери Мамарасул кызы Алтынай Беларусиянын Минск шаарында 10-11-декабрь күндөрү болуп өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 70 кг чейинки салмакта алтын медалга ээ болуп, жеңиш менен кайтып келди.

Аталган кубокто 17 өлкөнүн спортчулары биринчилик үчүн күрөшүшкөн. Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын командасы 1-орунду багындырышкан. Иран, Түркмөн, Азербайжан балбандары, финалда Беларусиялык балбан менен мелдешке чыгып жеңишке жетиштишкен Мамарасул кызы Алтынай мындан ары да билим алуу менен талыкпай эмгектенип Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде желбиретүүгө аракет кыларын билдирди.

Белгилей кетсек, Мамарасул кызы Алтынай Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон. Анын ийгиликтерин колдогон Ош мамлекеттик университети учурда келишимдик акысын 50 % жеңилдетсе, 50 % пайызы университеттин жетекчилиги тарабынан каржыланган.

5655 15:46 15-12-2016

                 

Haber

|< >|