Haber

Казакстандын Нархоз университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алып келген студенттер ой бөлүштү

11-ноябрь күнү ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Эрлан Камаловдун өтүнүчү менен Казакстандын Нархоз университетинде билим алып келген университетибиздин студенттери Мирзакамалова Мадина (МИТ) жана Халмурзаева Мафтуна (БжМ) эл аралык мамилелер факультетинин студенттери үчүн презентация кылып, Нархоз университетиндеги студенттердин окуусуна, илим изилдөөсүнө, ден соолукту чыңдоосуна жана эс алуусуна түзүлгөн шарттар жөнүндө айтып беришти. ОшМУнун №2 окуу корпусунун тегерек залында өткөн жолугушууга эл аралык мамилелер факультетинин 1-2-3-курстарынын студенттери, декандын тиешелүү орун басарлары, окутуучулар катышышты.

“Жолугушуунун негизги максаты – студенттер өздөрүнүн курдаштарынан академиялык мобилдүүлүк программасы, документтердин толтурулушу, Алматыдагы жашоого, тамак-ашка кеткен чыгымдар жөнүндөгү маалыматтарды алуусу. Элибизде “Миң уккандан-бир көргөн жакшы” дген сщз бар эмеспи. Азыркы учурда биздин факультеттен жазгы семестрде окуп келүү үчүн Нархозго 10дон ашык студентти даярдап жатабыз. Алар 2-3-курстун студенттери жана ал жакта “эл аралык мамилелер” багыты боюнча билим алып келишет. ОшМУдагы жана Нархоздогу жакшы саамалыктардын жана жетишкендиктердин жарчысы болушат деген үмүтүбүз бар”, – дейт Эрлан Камалов. Ош мамлекеттик университети менен Нархоз университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү келишимдин алкагында ОшМУнун 6 студенти Нархоз университетинин ар түрдүү факультеттеринде билим алып келишкен. Мындан сырткары 2016-жылдын апрель айында ОшМУнун 20 студентинен турган топ Нархоз университетиндеги “Маданият аралык мейкиндикте өлкөлөр арасындагы достук байланыштарын түзүү” аттуу эл аралык илимий жумалыкка барып, илимий, методикалык долбоорлук жана маданий иш-чараларга активдүү катышып келишкен. Нархоз университетинин окумуштуулары жана магистранттары ОшМУда өткөн “Улуу Жибек Жолунун экономикалык алкагын биргеликте түзүү жана анын тиешелүү өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген таасири” аталышындагы эл аралык илимий–практикалык IV конференциянын ишине катышып, илимий баяндамаларды жасашкан.

Азыркы учурда да ОшМУнун 8 студенти, 2 окутуучусу академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Нархоз университетинде билим алып, тажрыйба топтоодо.

7771 09:58 16-11-2016

                 

Haber

|< >|