Haber

Республикалык жана жергиликтүү ММКдарда эмгектенгенген журналисттерге сый көрсөтүлдү

7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө жана 8-декабрь телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата университет менен кызматташып, коомдук, маданий-массалык иш чараларды, сыймыктуу агай-эжекелерди жана талантуу студенттерди коомго чагылдырып берип келе жаткан мамлекеттик жана жергиликтүү телевидение жана радиолордо эмгектенген журналисттерди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктады.

Жолугушууда журналисттердин коомдук пикирди, ойду калыптандырууда орду чоң экендиктерин айтып журналисттик изденүүлөрү, чыгармачылыгы, коомдук турмушту реалдуу чагылдыруудагы кошкон салымдарын белгилеп сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетинде «Үмүт” телестудиясы, жана «Нур» гезити иштеп, университетте болуп жаткан жакшы саамалыктарды жарыялоо, таланттуу студенттерди элге тааныштыруу, окутуу, тарбиялоо жараяндарына жакындан көмөктөшүү максатын көздөйт. Окуу жайдын журналистика адистигинин студенттерине билим берүүдө да телестудия практикалык таяныч болуп келет. «Үмүт» телестудиясы жумасына бир ирет 30 мүнөттүк программа менен ишемби, жекшемби күндөрү ОшТВ аркылуу эфирдик берүүлөрдү чагылдырып келсе, “Нур” гезити бир айда бир ирет университеттин турмушун сөздүк күчү менен жеткирип, студенттердин трибунасы кызматын аткарат.

Ал эми ОшМУнун басма сөз кызматы 2002-жылы ОшМУнун ошол кездеги тарбия жана коомдук иштер боюнча проректору Каныбек Исаковдун демилгеси менен түзүлгөн. Басма сөз кызмат өз алдына массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланышты камсыздап, университет жөнүндө маалымат таратууну максат кылып койгон. Учурда ОшМУнун басма сөз кызматы Республикалык жана аймактык бардык массалык маалымат каражаттарынын түрлөрү менен кызматташ иш алып барат.

6923 16:00 04-11-2016

                 

Haber

|< >|