Haber

ОшМУга Синьцзян педагогикалык университетинен окутуучулар жана Кызыл-Суулук кыргыз студенттер келишти

Ош мамлекеттик университетинин жамааты кече, 29-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян педагогикалык университетинде эмгектенишкен окутуучулар жана аталган университеттин Кыргыз филологиясы факультетинде билим алышкан 3-курстун 23 студенти келишти. Аларды Синьцзян педагогикалык университетинин “Манас” изилдөө борборунун жетекчиси Мамбеттурду Мамбетакун жетектеп келди. Алар Ош шаарында 1 жума болушат жана Ош облусундагы айрым мектептерде жана Ош шаарындагы бир мектепте педагогикалык практика өтүшөт.

Учурда Ош мамлекеттик университетинин билим берүү системасы менен таанышып, кампустарына, жана Ош шаарына саякат жасашат.

6978 10:42 30-09-2016

                 

Haber

|< >|