Европалатанын жогорку сыйлыгы Байыш Араповичке катуу заттардын физикасы боюнча илимий изилдөө иштеринде кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди. Сыйлык ээси Байыш Араповичти ОшМУнун жалпы жамааты куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Байыш Арапович Кыргызстанда катуу телолордун физикасын изилдеген илим мектебин түздү жана өзүнүн багыты боюнча миңдеген жаштарды тарбиялап өстүрдү. Бүгүнкү күндө агай докторлук жана кандидаттык диссертациялык эки Адистештирилген Кеңештин төрагасы болуп эсептелинет. Илимий иштеринин жыйынтыгы катары 5 автордук күбөлүккө, 3 патентке, 7 монографияга, 230 дан ашуун илимий макалаларга ээ. Агай илимпоз жетекчи катары 3 илимдин докторун, 6 илимдин кандидаттарын өстүрдү, илимий иштерин жактатты.