Haber

ОшМУда «Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында маданийаралык билимдин усулдарын пайдалануу боюнча» тренинг жүрүп жатат

Үстүбүздөгү жылдын 24-августан 27-августка чейинки аралыкта Ош шаарындагы «Ош Нуру» мейманканасынын конференц залында БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча аймактык башкармалыгынын «Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында маданийаралык билимдин усулдарын пайдалануу боюнча» тренинг уюштурулуп жатат.

Аталган тренинге ОшМУнун факультет, колледждериндеги профессордук-окутуучулук курамынан 52 тайпалардын кураторлору катышууда. Тренинг тренер-консультанттар Лидия Шульгина жана Ташболот Жороевдер тарабынан жүргүзүлүп, анда Кыргызстандын жогорку билим берүү системасында маданийаралык билимдин жаңы, интерактивдүү усулдары боюнча маалыматтар берилип, кызыктуу сессиялар менен коштолууда.

Тренингдин негизги максаты Кыргызстандагы жаштар арасында адам укуктарынын бекемделишин жана улуттук жана маданий көп түрдүүлүк баалуулуктарын усулдук ресурстарды пайдалануу менен интерактивдүү билим берүү аркылуу жеткирүү болуп саналат. Тренерлердин билдириштинче бул долбоор алгачкы ирет апробациядан өткөрүлүп жатат.

13509 16:02 26-08-2016

                 

Haber

|< >|