Күндөлүк турмуштун көйгөйүн артка таштап, жолдун алыстыгына, аралыктын узактыгына, жайдын аптабына карабай атайын ат арытып келген ардактуу коноктор! Бири-бирибизди көрүп, сагынычыбызды таркатып, чер жазыша баарлашып, Кыргызстаныбыздын эртенкисине салымыбызды кошсок, бакубат Кыргызстаныбызды бекемдөөгө биргелешип жол издесек деп “Мекендештер-2016” форумуна катышуу үчүн атайын келген меймандарыбызга, байыркы жана жаңыланган Ош шаарына, билим менен илимдин мега борборуна айланып бараткан Ош мамлекеттик университетине куш келиңиздер деп айтууга уруксат этиңиздер!
Баарыбыздын башыбызды кошуп, бири-бирибизге дем-күч берүүгө, тилектештик билдирүүгө, өзүнчө мүмкүнчүлүк, шарт жаратып, ар 2 жыл сайын салттуу түрдө форумду өткөрүп келе жаткан, быйылкы үчүнчү “Мекендештер” форумун өткөрүп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондуна, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандыктар үчүн Ата-Журттунда патриоттук жана интеллектуалдык баарлашуу аянтчасын түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Бул форумдун маани-маңызын терең түшүнүп, атайын алыстан келген мекендештерибизге, Кыргыз парламентинин депутаттарына, мамлекеттик жана өкмөттүк жетекчилерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө терең ыраазычылык айтуу менен, “Мекендештер-2016” форумун ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер!
“Мекендештер-2016” форумунун катышуучуларына карата Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин кайрылуусун окуп берүү үчүн сөз: 1. Кыргыз Республикасынын аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Саралаева Жанна Урматовнага берилет.
2. Куттуктоо үчүн сөз Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Отунбаева Роза Исаковнага берилет.
3. Куттуктоо үчүн сөз Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Кудайбердиева Гульмира Каримовнага берилет.
“Мекендештер-2016” форуму мазмундуу жана пайдалуу, эсте калаарлык өтсүн. Эки бою баарыбыз бирге бололу, бири-бирибизге дем-күч берели.