Haber

ОшМУ Кадам-Жай районундагы селден жабыркаган мектеп окуучуларынан кабар алды

Баткен облусунун Кадам-Жай районундагы селден жабыркаган Жийделик айылындагы мектеп окуучуларына КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан Ош мамлекеттик университети тарабынан 50 сомдук жардам көрсөтүлдү. Аталган каражатка алынган окуучуларга ылайыктуу кийим –кече, спорттук костюмдар, кепка, футболка, бут кийимдер 1-июнь –Балдарды коргоо күнүндө университеттин атайын өкүлдөрү тарабынан алып барылып, окуучуларга жеринде таркатылып берилди. Жийделик орто мектебинин мугалимдери, окуучулар, ата-энелер мындай демилгени жасаган жамаатка ак батасын беришти.
13267 08:38 02-06-2016

                 

Haber

|< >|