Haber

«Акыркы конгуроо-2016» бүтүрүүчүлөр менен коштошуу аземинде 325 бүтүрүүчү артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттар менен сыйланды

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында 27-май күнү кечинде алдыңкы бүтүрүүчүлөрдү даңазалоо жана аларга университеттен урмат-сый көрсөтүү, бүтүрүүчүлөрдүн ОшМУга болгон жылуу сезимдерин, эсте каларлык көз ирмемдерин, студенттик курактын акыркы романтикалуу кечесин өткөрүү максатында уюштурулган «Акыркы конгуроо-2016» аземи уюштурулду. Аземде бүтүрүүчүлөр, ректораттын курамы, декандар академиялык кийим кийишти.

Салтанаттуу кеченин ачылышында КРнын Гимни, ОшМУнун Гимни жандуу ырдалып, мекенге, университетке болгон сүйүү, урматтоо, сыймыктануу сезимдери менен башталды.

" Адамгерчилик менен ыймандын, мээнеткечтик менен эмгекчилдиктин, изденүү менен умтулуунун, кыял менен максаттардын, жаштык менен сүйүүнүн, жакшылык менен гумандуулуктун ыйык турагы болгон баарыбыздын сыймыгыбыз, туу туткан касиеттүү билим бешигибиз Ош мамлекеттик университетин жарык жүз, бийик ишеним менен аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздү бүгүнкү бүтүрүү кечеси менен ак дилден куттуктаймын.

Ал эми беш жыл бою бапестеп билим берген, элибизге, журтубузга өз продукциясын, интеллектуалдык, професионалдык түшүмүн сунуп жаткан устат агай-эжекелердин да эмгегинин акыбети кайтуусун каалап, бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн узатуу кечеси менен куттуктагым келип турат.

Окутуучунун ооматы-окуткан студенттеринин жакшы билим алышы, мыкты адам болуусу. Университетте билим алуу менен бирге, мыкты адис, жакшы адам, чыныгы инсан болууга умтулган студент достор!

Бүгүн Силер окууну аяктап жатып, өткөргөн кызыктуу да, мазмундуу да, романтикалуу да күндөрдү артка калтырып бара жатасыңар! Элибиз Силерден, Силердин муунуңуздардан көп нерсени күтүп жатат.

Журтубуз Силердин ар бириңерге чоң үмүттөрдү артып жатат. Биз баарыбыз биргелешип, ынтымакта эгемендүү, келечектүү, бакубат Кыргызстаныбызды өркүндөтүшүбүз керек.

Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салымыбызды ар бирибиз кошушубуз зарыл!”, -деген каалоо-тилектер камтылган куттуктоо-кайрылуу сөзүн жолдогон ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков бул иш-чара салтка айланып быйыл экинчи ирет белгиленип жаткандыгын, бул жышаан мындан кийин да улаанарын айтып, ОшМУну артыкчылык диплому менен аяктап жаткан 325 бүтүрүүчүгө артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттарды тапшырды.

Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу вальсы бийленип, студенттик күндөр жөнүндө ырлар жаңырды.

“Бүгүнкү күн өзгөчө форма кийип турган уул-кыздардын эсинде, ата-энесинин, чон эне, чоң аталарынын эсинде түбөлүктүү сакталып, жүрөгүндө уюп калса керек. Анткени мен да ушул окуу жайдын 40 жыл мурунку бүтүрүүчүсүмүн, менден кийин 4 уул-кыздарым ушул жерден окууну аяктап, татыктуу эмгектенип жатышат. Бүгүн бул жерден үчүнчү неберем окууну артыкчылык диплому менен аяктап жатат. Бүгүнкү университеттин ушунчалык тазалыгынын, студенттердин тартибинин байкалышы, айлана-тегерегинин ушунчалык азыркы заманга ылайык жасалгаланышы, студенттердин билим алуусуна түзүлгөн шарттар мени чон ата, же бир кездеги бүтүрүүчүсү катары сыймыктантып отурат”,- деген бүтүрүүчүбүздүн чоң атасы Жаныбек Мырзаибраимов ОшМУнун жетекчилигине, жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле салтанатта мыкты бүтүрүүчүлөр да өз каалоо-тилектерин билдиришип, окуткан агай-эжекелерине, ОшМУнун жамаатына ыраазычылык сөздөрүн жолдошту.

Кеченин экинчи бөлүгүндө бардык факультеттердин, колледждин бүтүрүүчүлөрү үчүн бий кечеси улантылып, оюн-зооктор менен коштолду.

“Быйыл биздин университетибизди барандуу, ары таланттуу жоон топ студенттерибиз бүтүп кеткени жатышат. Алардын ичинен 325и артыкчылык диплому менен аяктап жатышса, 4 бүтүрүүчү президенттик стипендиаттар, 7 бүтүрүүчү “Атуулдук стипендиаттар”, ошондой эле ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Маткалыков Азирет Али, ОшМУнун студенттик акыйкатчысы Кубанычбек уулу Нурсултан, алардын арасында ОшМУнун мыкты алып баруучулары, ОшМУга эмес, шаарга, өлкөбүзгө тездик менен таанылып бара жаткан таланттарыбыз Нуртилек Абдигапаров, Дарманбекова Марсиана, Дайырбек уулу Каныбек, Абдыкалык уулу Элтуран, Элбарчын Калилова, шайыр-тапкычтардан тамашоучу Базарбай кызы Айжамал, Каримова Акмаанай, журналистика айдыңында эми гана телчигип келаткан бир топ жаш журналисттер, мыкты студенттерибиз университет уясынан чоң турмушту көздөй учканы турушат. Бул студенттерибиз университет турмушунда өз издерин калтыра алышты, алардын орду биз үчүн сөзсүз сезилерин туюп, эмитен ич ачышууда, биз бүтүрүүчүлщрүбүз менен сыймыктанабыз”, -деди ОшМУнун тарбия департаментинин директору З.Божонов.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында ОшМУну 8 297 студент бүтүрүү алдында турушат.

18861 10:00 30-05-2016

                 

Haber

|< >|