Haber

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, акын -жазуучу 93 жаштагы Асек Урманбетов ОшМУда жаштар менен жолугуп, пикир алышты

Буга чейин Бишкек шаарындагы 36 мектепке, 13 колледжге, Улуттук Гвардия жана Коргоо министрлигиндеги чек арачылардын жаш жоокерлери менен маек куруп, согуштун кесепеттери, турмуш таасирлери тууралуу ой бөлүшүп келген Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, акын жана жазуучу, «Ак жол» коомдук фондунун негиздөөчүсү, Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган 93 жаштагы Асек Урманбетов Ош жергесине келип, Ош мамлекеттик университетинде болуп, финансы-юридикалык колледжинин студенттери менен бетме-бет отуруп, жаштарды мекенди сүйүүгө, чынчыл, адилеттүү, мэңэнеткеч, чыдамкай, көздөгөн максатка жетүүгө жан үрөгөн, мекендин өнүгүүсүнө салымын кошкон жаштардан болууга чакырды.

Асек Урманбетов согуштун апаат күндөрү башталганда кан майданга 1943-жылдын июнь айында аттанып, согушта Украина, Беларусия, Балтика боюнда жүргөндүгүн, 1944-жылы бутунан жарадар болуп, үч айдан кийин бутунан айрылгандыгын, 19 жашында согушка аттанып, майдандагы каармандыгы үчүн бир катар орден-медалдар менен сыйлангандыгын, ардагермин деп олтуруп калбай залкар акын А.Осмоновдун чыгармачылыгынан таасир алып учурда 75 жашында ыр жазып баштагандыгын, 6 китептин автору болгондугун небереси Зарина баяндап өттү.

Асек Урманбетов 93 жашка келип калса да жасай турган иштери дагы көп экенин, бир буту протез, көзү жакшы көрбөгөнүнө карабай, жаңы чыгармаларды жаратуунун үстүндө иштеп жатканын кеп салды. Ал бүгүнкү жаштар алты саны аман туруп, жашоого кайдыгер карап, жалкоолук кылып жатканы өкүндүрөөрүн белгиледи.

Асек Урманбетовдун жашоодон алган таасирлери, түйшүгү «Ак жол» коомдук фондунун түзүлүшүн шарттап, бүгүнкү күнгө чейин китептеринен түшкөн 800 000 сомдун айланасындагы акча каражатын кары-картаңдарга, майыптарга, жаш үйлөнгөн жубайларга жардам көрсөткөн, муну менен катар ушул жылы көрсөткөн жардамдарынын суммасын 1 млн сомго жеткирүүнү пландаштыргандыгын кошумчалады.

Ардагер атабыздын жашоодогу негизги миссиясы жаштарга үлгү болуп, кеп-кеңешин айтып, элибиздин эртеңи үчүн жаштарга дем-күч берүү болуп саналат. Жолугушуунун жүрүшүндө жаштарга кеңешин айткан Асек Урманбетовго финансы-юридикалык колледжинин директору Тамара Акматова ыраазычылыгын билдирди. Кеченин жүрүшүндө акындын ырлары көркөм окулуп, суроо-жооптор менен коштолду.

Асек Урманбетов мындай демилгени колдоп, жаштар менен баарлашууга шарт түзүп берген ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго ыраазычылык билдирип, университеттин илимий китепканасына 15 китебин белекке берди, ошол эле учурда ОшМУнун илимий китепкасынын фондуна келечек муундарына сабак болуп, турмушка тарбиялай турган А.Урманбетовдун китептери сатылып алынды.

Белгилей кетсек, Асек Урманбетов 44 небере-чөбөрө, кыбыранын чоң атасы.

11929 15:37 26-05-2016

                 

Haber

|< >|