Haber

Кыргызстандын жети дубанындагы ЖОЖдор ички академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылган “Ош декларациясына” кол коюшту

Ош мамлекеттик университетинде Тарых жана маданият жылына арналган «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалынын алкагында республикабыздын жети дубанында жайгашкан жети мамлекеттик университеттердин ректорлору университеттер аралык ички академиялык мобилдүүлүктү чындаган “Ош декларациясына” кол коюшту.

Декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлорунун сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бирине алмашуу менен конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-концеренцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү иш аракеттери камтылган. Эң негизгиси эми аталган жети окуу жай К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, С.Нааматов атындагы Талас мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институту биргелешип эл аралык ири долбоорлорду ишке ашырууга, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк алышты.

Достук фестивалына келип командаларын сүрөп, “Ош декларациясынын” кол коюу аземине катышкан өлкөбүздүн жети дубанынан келген жогорку окуу жайлардын ректорлору Союз мезгили тарагандан тартып Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда токтоп калган ички байланыштардын жанданышына, бирдиктүү болуп өлкөбүз үчүн билимдүү кадрларды биргелешип даярдоого салымын кошкон мындай иш аракетке демилгечи болгон Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаковго ыраазычылыктарын айтышты. “ОшМУ бүгүн чоң демилгени көтөрүп, жети дубандагы ЖОЖдордун ынтымагын бекемдеп, достугун чыңдаган, ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүргөн иш аракетти баштап жатат. Бул декларация ЖОЖдор арасында көпүрө болуп, келечекте билимдүү, бирдиктүү жаштарды өстүрүүгө чоң салым кошот деп ишенебиз”, -деди Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору Курманбек Абдылдаев.

Салтанаттуу кол коюу аземинен соң «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу республикалык достук фестивалынын гала-концерти тартууланып, фестивалдын лауреаттарына дипломдор, фестивалга мыкты даярдыкта келип, достукту, биримдикти даңазалаган ар бир университеттин командаларына ОшМУ тарабынан даярдалган Ардак грамоталар, сертификаттар, 15 000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле өлкөнүн жети дубанынан келген таланттуу студенттер чын дилден достошуп, баарлашып ОшМУ менен жакындан таанышып, Ош шаарынын сыймыгы болгон Сулайман Тоосуна чыгып, кереметтүү кооз жайларын көрүшүп, ОшМУнун Ак-Буура эс алуу жайында да болушту.

13917 13:51 23-05-2016

                 

Haber

|< >|