Haber

Мед фак периси-2014 сынагы болуп єттї

18.03.14 күнү ОУДТ “Мед фак периси 2014” сынагы болуп өттү. Жалпысынан конкурс 5 турдан туруп 9 пери катышты. Конкурстун жыйынтыгы боюнча 4 номинациялар жана сыйлыктар тапшырылды калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы боюча.

Көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун купулуна толгон Бекова Аида “Мед фак периси-2014”- “номинациясына ээ болду.

Сыйлыкты медицина факультетинин деканы, профессор Арстанбеков М.А жана “Мед фак Периси 2013”- сынагынын жеңүүчүсү Ташболотова Асель тапшырды.
Мед фак акылкарачачы-2014 номинациясын өзүнүн талантуулугун жана акылдуулугу менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Тынарова Айчүрөк ээ болду сыйлыкты Гистолгоия жана патанатоми кафедрасынын башчысы, профессор Шатманов С.Т тапшырды “Мед фактын таланттуу периси-2014” номинациясына өзүнүн таланттулугу жана чыгармачылыгы менен тан калтырган Улукбек кызы Каныкей ээ болду.

Медицина факультетинин жаштар комитетинин төрагасы Гульжигитов Максатбек тапшырды “Мед фактын ажарлуу периси-2014” өзүнүн жүрүм турум маданияты менен сахнанын ажарын ачып турган Раманкулова Каныкей ээ болду.

Сыйлыкты ОшМУнун жаштар комитетинин төрөгасы Абылкасым уулу Канат тапшырды

5463 13:22 19-03-2014

                 

Haber

|< >|