Haber

ОшМУда "ОшМУ боектордо" аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду

10-май күнү ОшМУнун башкы имаратында "ОшМУ боектордо" аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду жана дизайн моделдери көрсөтүлдү. Сүрөт жана дизайн көргөзмөсүнө экс президент Р.Отунбаева жана мекендештер форумуна чакырылган коноктор, Ош шаардык мериянын өкүлдөрү катышты. Р.Отунбаева уюштурулган көргөзмөгө жогору баа берип, мындан кийинки чыгармачыл ийгиликтреди каалады. Конкурска өзүнчө калыстар тобу бекитилген жана эң мыкты деп эсептелген чыгармаларга ректорат тарабынан жогорку сыйлыктар бар. Көргөзмөгө 70 ашык иш коюлуп алардын ичине ар түрдүү жанрларда живопись, рисунок, кол өнөрчүлүк ж.б. түрлөрү камтылган. Окутуучулар менен бирге студенттердин иштери да бар.
3782 12:58 10-05-2016

                 

Haber

|< >|