Haber

Искусство факультетинде кайрымдуулук кечеси болуп өттү

7-май күнү Искусство факультетинин концерттик залында кайрымдуулук кечеси болуп өттү. Кайрымдуулук кече МУЗ-1-15 тайпасындагы Алиман Кадыровага арналды. Алиман жакынкы убактарда бутунан операция жасатуу алдында турат. Ошондуктан ОшМУнун ректораты жана факультеттин жамааты да көңүл кош мамиле жасабастан керектүү акчалай беришти. ОшМУнун ректору, профессор К.Исаковдун буйругу менен бул стунденттин контрагын толугу менен ОшМУ өзү каржылап келет, бул да болсо чоң жардам. Ошондуктан ректоратка терең ыраазылык билдиребиз. Андан сырткары ректораттын ар бири өз жанынан акчалай жардам көрсөтүштү. Ал эми ОшМУнун профсоюз комитетинин жетекчиси Абдыжапар Ураимович да акчалай жардамдарды берип моралдык колдоо көрсөттү. Ушундай кайрымдуулукка жүзүн кетпеген инсандар арабызда бар үчүн дүйнө сакталып жатат демекчимин.
3574 10:08 08-05-2016

                 

Haber

|< >|