Haber

Улуу Ата -Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата ардагерлер менен жоолугушуу өткөрүлдү

Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата медицна факультетинде согуштун ардагерлери менен жоолугушуу болуп өттү. Жоолугушуунун максаты жаштарды патриоттука тарбиялоо. Алгач ал “Кыргызстан” деген хор менен башталып, медицина факультетинин деканы к.м.н.проф., Арстанбеков М.А. кутуктоо сөз сүйлөдү.

Жолугушууга 3 согуштун ардагери Жоолдошев К., Константин Петрович., Карыев К., баткен согушунун ардаргерлери, баткен согушунун ардагерлеринин төрагасынын орун басары, Россиянын Кыргызстандагы генералдык консулунун оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү жанан медицина факультетинин профессордук окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер кандуу согуш майданындагы баштарынан өткөргөн окуяларын айтып, элибизде тынчылык, ынтымак болсун деген тилектеринда кошо айтышты.

Студенттер тарабынан даярдалган чакае концерттик программа менен жыйынтыкталды.

3976 11:45 18-04-2015

                 

Haber

|< >|