“ОшМУ – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” деген ураан менен Сулайман тоо – Жалал-Абад – Манас ордо (Талас) – Ата бейит (Бишкек) – Рух ордо (Ысык-Көл) багыты боюнча патриоттук экскурсия 1-июлдан 7-июлга чейин улантылат.
“Кербенге кошулган жаштар өлкөбүздүн башка аймактарындагы ыйык жерлерди көрүп, Мекендин бүтүндүгүн, ыйыктыгын сезсин, бул сезимдерин башка достору менен бөлүшсүн, аймактардын жаштар бири-бири менен пикир алышып түшүнбөстүктөр жоюлсун, ынтымак чыңдалсын деген ой менен сапарды уюштуруп келе жатабыз”, -деген университеттин ректору Каныбек Исаков сапарга аттанып турган “Ынтымак кербенинин” катышуучуларына ак жол каалады.
““Ынтымак кербенинин” курамы тандалган таланттуу, алдыңкы студенттерден түзүлдү. Алар “Эң мыкты тайпа” сынагында 1-орунду жеңген журналистика бөлүмүнүн студенттери, “ОшМУ мырзасы”, “ОшМУ периси”, “ОшМУнун стилдүү студенти”, “ОшМУнун идеалдуу түгөйлөрү” сынактарынын катышуучулары, жаштар комитетинин мүчөлөрү жана жалпысынан алганда мыктынын мыктылары”,-экендигин айткан ОшМУнун тарбия департаментинин директору Замирбек Божонов кербенди жетектеп кетти.
Белгилей кетсек, бул иш-чара өткөн жылдан тартып окуу жайдын ректору, профессор К.Исаковдун демилгеси менен салтка айланып уюштурулуп келүүдө.