Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымынын орун басары, э.и.к., доцент Нурлан Атабаев окутуучулар менен жолугушуп илим жаатындагы акыркы маалыматтар менен бөлүшүштү.
Жолугушуу ОшМУун илимий иштер боюнча проректору Идирис Кенжаевдин чакыруусу менен уюштурулуп, профессордук-окутуучулук курам, илим изилдөөчүлөр, аспиранттар катышышты. Катышуучуларга Scopus жана Web of Science базалары, макалаларды жазуудагы коюлган жаңы талаптар боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле окутуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышты.