Конок лекцияга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расул, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан, билим берүү мекемелеринен да угуучулар катышты.
Лекцияда заманбап талаптарга негизделген окутуунун эффективдүү стратегиялары боюнча кеңери түшүнүк берилип, жаңы инновациялык усулдардын жардамында билим берүүнүн балага тийгизген таасири боюнча кызыктуу талкуу, топтордо иштөө сыяктуу усулдар менен коштолду.